Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Бишкектик тургун №4 төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо


Бишкек шаарынын тургуну баласы чарчап калганы аз келгенсип, жубайынын жатынын жашыруун алып салган Бишкектеги № 4 төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо. Маалыматка караганда, ак халатчандардын шалаакылыгынан улам 26 жаштагы келиндин баласы чарчап калган. Андан кийин дарыгерлер келиндин жатынын билгизбей алып салышканы бир нече убакыттан кийин билинген. Өз атын айтпоону өтүнгөн бишкектик жаран аялынын жатынын алып салган үчүн чуу чыгарбоону суранып дарыгерлер ага 100 миң сом акча бергенин "Азаттыкка" билдирди:

- Өзү төрөй алат дешти. Догдурлар айтып жаткандан кийин биз деле ишендик. Саат бештерде төрөтү башталыптыр. Ошол учурда дарыгерлер карабай калышыптыр. Баланын тону жарылып, кычкылтек жетишпей, курсакта эле чарчап калыптыр. Салмагы үч жарым килограмм экен. Каралбай калганын мойнуна алышып, түштөн кийин кечирим сурап жатышат.

Азыр жабыркаган аялдын саламаттыгы да начарлап, психикалык жактан оор абалда калганын жолдошу кошумчалады. Бул окуя боюнча перинаталдык борборго кайрылганыбызда, башкы дарыгер Бурул Алмазбекова төрөттүн алдында эне жакшы каралбай калганын ырастады. Анын айтуусунда, бала чарчап калгандан кийин догдурлар аны алып чыгыш үчүн вакуумдук сордургучту колдонушкан. Анын жүрүшүндө эненин жатыны айрылып, ичинен кан ага баштаганда шашылыш операция жасалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG