Франциянын полициясы Париждин түндүк-чыгышындагы мигранттардын мыйзамсыз лагерин тазалай баштады.
Кале портундагы “Жунгли” атка конгон лагерь жабылгандан кийин миңдеген мигрант бул аймакка келип, жайгашып алышкан. Таң эрте аймакка сексендей автобус келип, полиция мигранттарды лагерден чыгарууга киришти.
Жаңы лагерде 3 миңдей мигрант бар экени кабарланууда. Париж префектурасы билдиргендей, алардын көпчүлүгү - Ооганстан жана Судан сыяктуу куралдуу жаңжал жүрүп жаткан өлкөнүн атуулдары.
Каледеги лагер соттун чечими менен өткөн аптада жабылган. Андагы миңдеген мигранттар Британияга өтүүнү көздөшкөн эле.