Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Оор атлетика федерациясынын иши сынга алынды


Кызытманын айынан Иззат Артыков коло медалынан кол жууду.
Кызытманын айынан Иззат Артыков коло медалынан кол жууду.

Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин 4-ноябрдагы отурумунда оор атлетика федерациясынын иши сынга алынды. Жыйындан "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, анда оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаровду жана машыктыруучу Мирлан Эгембердиевди иштен алуу маселеси каралды. Ошондой эле кызытма колдонууга каршы комиссия түзүлдү. Мындын тышкары спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын жетекчиси Назирдин Акылбековго сөгүш жарыяланды.

Отурумда Үсөнкан Майназаров өз дарегине карата айтылгандар менен макул эместигин, күнөөсүз экенин билдирип, өз каалоосу менен арыз жаза турганын айтты.

Аталган агенттиктин маалыматы боюнча, 2003-жылдан 2016-жылга чейин курама команданын 8 спортчусу кызытма колдонгону далилденген.

Быйыл жайында Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында да Кыргызстандан барган 19 спортчунун ичинен оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал тагынган болчу. Бирок Эл аралык спорттук арбитраж анын канынан тыюу салынган стрихнин заты табылды деген жүйө менен байгени кайтарып алган. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагып келет. (NT/TSh)​

XS
SM
MD
LG