Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Ирак армиясы алты айылды бошотту


Ирак армиясы Мосул шаарынын чыгышындагы алты районду “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотконун билдирди.

Маалыматка ылайык, Малайин, Самах, Хадра, Каркукли, Кудс жана Карама конуштары ирак күчтөрүнүн колуна өттү. Бирок согушкерлер катуу каршылык көрсөтүп, миномет жана ракета чабуулдарын колдонуп жатканы кабарланууда.

Ирак жана күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү Мосулду бошотуу операциясын 17-октябрда баштаган.

Бир күн мурда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади аудио кайрылуусунда согушкерлерди Мосулдан чегинбөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG