Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Бишкектеги өрт дээрлик 20 сааттан кийин өчүрүлдү


Мотор майлары сакталган кампалардын ээлери менен өрттүн кесепетин аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө.
Мотор майлары сакталган кампалардын ээлери менен өрттүн кесепетин аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мотор майлары сакталган кампадан чыккан өрт бүгүн саат эртең менен 8:25те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өрттү өчүрүүгө сегиз бригада, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан эки суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жана борбор калаанын куткаруу кызматынын жумушчулары катышкан.

Мотор майлары сакталган кампалардын ээлери менен өрттүн кесепетин аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө.

5-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында Бишкектин батыш тарабында мотор майлары сакталган кампада өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрге жетти. Өрттөн адамдар жабыркаган жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG