Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Мюнхенде качкындар жатаканасынын жанына төрт метрлик дубал тургузулат


Шаардын Нойперлах районундагы качкындар үчүн курулуп жаткан жатакананын жанына төрт метр бийиктиктеги үн басаңдатуучу дубал курулат. Бул тууралуу Die Welt жазды. Маалыматка ылайык, Мюнхендин бийлиги мындай чечимге жергиликтүү тургундардын талаптарынан кийин келген. Качкындардын жатаканасы дубалдан тышкары ага жакын үйлөрдөн жашыл тилке жана жол менен бөлүнөт. Жергиликтүү саясатчы Гидо Бухольц мындай чектөөлөрдү “меймандостукка каршы келет” деп сынга алды.

Нойперлахтагы качкындар жатаканасы 160 кишиге ылайыкталган. Анда Германияга жакындары жок, жалгыз келген качкын балдар жайгаштырылат.

Өткөн жылы ФРГдан башпаанек сурап, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын миллиондон ашуун жараны кайрылган. Немис бийликтеринин мигранттарга эшик ачуу демилгеси террордук коркунучтардан кийин көп жолу сынга алынган.

XS
SM
MD
LG