Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

БУУ АКШнын Ооганстандагы аба соккусун иликтейт


Ооганстан.
Ооганстан.

Улуттар Уюму ондогон тынч жарандардын өлүмүнө алып келген Ооганстан түндүгүнө АКШнын абадан соккусун иликтерин билдирди. БУУнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматы боюнча, Кундуз провинциясындагы Бузе-Кандагари жергесине урулган аба соккусунан 31 адам өлүп, 19 жарадар болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү балдар жана аялдар экени кабарланган.

БУУнун миссиясы Ооганстанда акыркы мезгилде тынч жарандардын өлүмү көбөйгөнүн билдирип, бир жума ичинде эле 95 жаран өлүп, 111 жарадар болгонун кошумчалаган. Миссия башчысы Тадамичи Ямамато 6-ноябрда тараткан билдирүүдө “тынч жарандардын өлүмү жол берилгис жана ал Ооганстанда тынчтык жана туруктуулукту орнотуу аракетин бузат” деген. АКШ аскерлери алар тарабынан 5-ноябрда абадан сокку урулуш мүмкүндүгүн билдирип, окуяны иликтөөгө убада берди.

АКШнын Ооганстандагы аскер башчысы генерал Жон Николсон күнөөсүз адамдардын өлүмү үчүн терең өкүнүчүн билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG