"Мен төрт актрисанын образын жараттым"
Кыргыз эл артисти Назира Мамбетованы театр сүйүүчүлөрү Бакен Кыдыкеева (“Талант жана тагдыр”), Кадича (“Мен – Тянь-Шань”) өңдүү ондогон мыкты ролдор аркылуу тааныйт. Султан Раевдин “Суфлер” моноспектаклин сахнага чыгаруу аркылуу талантынын көөнөрбөстүгүн, мыкты чеберчилигин дагы бир ирет далилдей алды. Назира Мамбетованын сахнасы, жеке турмушу, кыялы менен үмүтү тууралуу сыябан-маек курду.