Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

"Көк көз ооган кызы" азырынча чыгарылбайт


National Geographic журналына чыккан сүрөт
National Geographic журналына чыккан сүрөт

National Geographic журналынын биринчи бетине 1985-жылы сүрөтү жарыяланып, ошол кездеги Ооганстандын символу катары таанылган аялды өлкөдөн чыгарууну Пакистан бийлиги кийинки мөөнөткө калтырды.

"Көк көз ооган кызы" катары белгилүү Шарбат Гула документтери туура эмес деген жүйө менен Пакистандан чыгарылмак. Төрт балалуу 40 жаштагы аял октябрь айында Пешаварда кармалгандан кийин биртоп убакыт ооруканада жаткан.

Ооганстандын Пешавардагы консулдугу аны 9-ноябрга чейин ооруканада калтырып, андан кийин Торхамда ооган чек арачыларына өткөрүп берүүнү Пакистан бийлиги менен макулдашты. Буга чейин Шарбат Гуланы Кабулда президент Ашраф Гани кабыл алып, өзү жана балдары турак жай менен камсыздаларын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG