Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Клинтон жана Трамп үгүт өнөктүгүн жыйынтыкташууда


Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон 8-ноябрда добуш берүүнүн алдында “өлкөнү биримдикке алып келүүнү” көздөрүн 7-ноябрда билдирди. Бул күнү ал Питсбург, Филадельфия, Мичиган, Түндүк Каролина штаттарында митингдерде болмокчу.

Дональд Трамп 7-ноябрда Флорида, Түндүк Каролина, Пенсильвания жана Нью Хемпширде үгүт өнөктүгүн жүргүзөт. Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн башчысы 7-ноябрдагы билдирүүсүндө, "Нью-Йорк тайм" гезитинин Трамптын жардамчылары анын Твиттерге жазууларын токтотту деген маалыматын төгүнгө чыгарды. Трамптын Твиттердеги жазуулары ар кандай жаңжалдарга алып келип жаткан. Добуш берүүгө аз калганда Дональд Трамп социалдык түйүндөргө жазбай калганы байкалган. (AiT)

XS
SM
MD
LG