Бишкек шаардык милициясы чех ишкерлерин тоноп кетүү боюнча маалыматты иликтейт. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Самат Курманкулов “Азаттык” радиосуна билдирди.
7-ноябрда Ош базарында өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырган жарандык кийимчен беш адам Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду каржылаган чехиялык ишкерлердин документин жана капчыгын көрсөтүүнү талап кылып, андан кийин билдирбей тоноп, акча алып коюшканын чет элдиктердин жанында жүргөн кыргызстандык жаран, “Демилге” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Усманова маалымдаган.
Милиция бул окуя тууралуу кабар тарата элек. Шаардык Ички иштер башкармалыгы иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди. Өткөн жумада ИИМ жергиликтүү жаранды карактоого шектелип Чүй облусунун Панфилов райондук милициясынын кызматкерлери камакка алынганын билдирген болчу. (NT)