Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Аскаровдун сотунда журналист котормочулук кылууда


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Азимжан Аскаровдун адвокаттары тилмеч туура эмес которуп жаткандыгын жүйөө кылып, аны алмаштырууну суранышты. Соттолуучу Азимжан Аскаров тилмеч күбөнүн сөзүн туура эмес которуп жатат деп айыптады.

Өткөн жараянда Азимжан Аскаровдун сотунда соттолуучу тараптын күбөлөрү көрсөтмө беришкен. Алардын бири, Аскаровдун инисинин жубайы Турдухан Аскарова көрсөтмөнү өзбек тилинде бере баштаганда, сот котормочу алып келүүнү талап кылып, жараянды 8-ноябрга жылдырган.

Натыйжада тилмечтикти «Голос свободы» сайтынын редактору Абдумомун Мамараимов жүргүзүүдө.

65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда "улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар жана адвокаттар Аскаровго күнөөсүн күч менен моюнга алдырышканын айтып келишет. Тергөө муну менен макул эмес.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

4-октябрда башталган сот иши ар аптанын шейшемби күнү Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде өтүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG