Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Аскаровдун күбөлөрү көрсөтмө беришти


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

8-ноябрдагы соттук отурумда айыпталуучунун адвокаттары чакырган күбөлөр көрсөтмө беришти. Алар дээрлик бир ооздон Азимжан Аскаров 2010-жылы 13-июнь күнү көпүрөнүн үстүндө болбогонун, ал күнү өлтүрүлгөн милиционер Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жоктугун билдиришти.

Шахмурад Акбаров аттуу күбөнүн айтуусунда, Аскаров кастыкка чакырган сөздөрдү айтуусу мүмкүн эмес. “Мен аны сүрөтчү жана укук коргоочу катары тааныйм, ал эч кимге залакасы жок киши” деген Акбаров Сулайманов өлтүрүлгөн күнү Азимжан Аскаров үйүндө болгонун айтты.

Айыптоочу тараптын “мындай терс көрсөтмө мурда неге берилген эмес?” деген суроосуна күбөлөрдүн көпчүлүгү милиция кызматкерлери тарабынан коркутуулар болгонун айтышты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” сотко байкоочу катары катышкан “Голос Свободы” уюмунан маалымдашты.

Айыпталуучунун коомдук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова сотко күбө катары убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровду, укук коргоочу Азиза Абдурасулованы, бул ишти тергеген Базар-Коргон РИИБнүн тергөөчүсүн чакырууну соттон өтүндү. Прокурорлор ага каршы чыгышты.

Натыйжада сот Исмаилованын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Кийинки соттук териштирүү 15-ноябрда уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG