Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

АКШ: көпчүлүк штаттарда Хиллари Клинтон алдыда


АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон.
АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон.

АКШнын чыгыш жана борбордук штаттарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынан кийин чыккан соңку маалыматтарга караганда, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон атаандашы, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамптан алдыга чыкты.

Трамп мырза Кентукки, Индиана жана Оклахома штаттарында алдыда бара жатат. Бир сааттын ичинде дагы 11 штатта, алардын ичинде Нью-Йоркто добуш берүү жыйынтыкталат.

Буга чейин шайлоо өнөктүгү учурундагы сурамжылоолор Клинтон Трамптан үч пайыздай озуп келе жатканын, маанилүү деп саналган штаттарда бир аз артыкчылык менен алдыда баратканын көрсөткөн.

Ошондой эле сурамжылоолордо белгилүү болгондой, Клинтон жогорку билимдүү аялдардын, латын жана афроамерикалыктардын колдоосунан үмүт кылса болот. Трампты болсо, “Америка добушу” радиосу белгилегендей, негизинен жумушчу таптын ак түстүү өкүлдөрү, жогорку билими жок адамдар жана агрардык аймактагы шайлоочулар колдоп жатат.

АКШдагы 8-ноябрдагы шайлоодо 80ден 100 миллионго чейин адам добуш берери күтүлүүдө. Өткөн күндөрү алдын ала шайлоого уруксат берилген штаттарда 46 миллион адам добуш берген.

XS
SM
MD
LG