“Азаттык” радиосунун Пакистан кызматы билдиргендей, Шарбат Гула чек арадан ооган бийлигине өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү Geo-TV телеканалы Шарбат Гула деген аял пакистандык дипломаттардын коштоосунда чек арага баратканы тартылган видеону көрсөттү. Гула буга чейин төрт баласы менен бирге жасалма документтер менен жүргөн деген айып менен Пешаварда камакка алынган. Анын балдары депортация болгон.
Мындан мурда Шарбат Гуланы Кабулда ооган президенти Ашраф Гани тосуп алары, үй-бүлө үчүн үй даярдалганы кабарланган. 40 жаштагы Гуланын сүрөтү 1985-жылы National Geographic журналынын биринчи бетине жарыяланып, согуш кезиндеги Ооганстандын символу катары дүйнөгө таанылган.