Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Трамп Огайо менен Флорида штаттарында жеңди


Дональд Трамп жана аялы Мелания Трамп добуш берип жатышат.
Дональд Трамп жана аялы Мелания Трамп добуш берип жатышат.

Трамп маанилүү деп саналган Огайо жана Флорида штаттарында алдыга чыкты.

Аналитиктер негизинен испан тилдүү калк басымдуулук кылган Флоридада Хиллари Клинтон жеңишке жетет деп боолгошкон.

Соңку маалыматтарга караганда, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон шайлоочулар коллегиясынын 190 добушуна, ал эми анын атаандашы, республикачыл Дональд Трамп 201 добушуна ээ болду. Жеңиш үчүн шайлоочулар коллегиясынын 270 добушу талап кылынат. Ал эми штаттар боюнча Клинтон 11 штатта, Трамп 18 штатта жеңишке жетти. Учурда Пенсильвания жана Түндүк Каролина штаттарынын жыйынтыктары күтүлүүдө.

АКШнын чыгыш жээгиндеги штаттарда, анын ичинде маанилүү деп саналган Калифорния штатында 15 мүнөттөн кийин шайлоо бекеттери жабылат.

Америкалыктар 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашат.

XS
SM
MD
LG