Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталган жаңы долбоорду өкмөт толугу менен колдойт. Бул тууралуу өкмөт башчылык кызматка сунушталып жаткан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков парламентте билдирди.
Анын маалымдаганы боюнча, өкмөт Кыргызстандын бардык тармактарын өнүктүрүүгө аракет кылат. Сооронбай Жээнбеков мунун ичинен өкмөт террорчулукка каршы чара көрөрүн баса белгилеп кетти. Ал укук коргоо органдарын реформалоону улантып, күч органдарга элдин ишенимин арттырууга аракеттер көрүлөрүн ырастады.(ZKo)