“Ата Мекен” фракциясынын лидери ИИМ министрлигине талапкер болуп жаткан Улан Исраиловго өкмөттүн курамы, мүчөлөрү тууралуу суроолорду берип, ага жооп ала алган жок. Текебаев Исраилов бул кызматка атайын башка максаттар менен алынып келингенин айтты:
-Биринчи тапшырмаңыз –мени камайсың деп жиберип жатат. ИИМди реформалоо боюнча төрт приоритеттүү максатыңызды айтыңыз десе да жооп бере албай жатасыз. Сооронбай Шарипович, бул министрди колунан жетелеп иштетесизби?
Өмүрбек Текебаев ИИМ тармагына тогузунчу министр келип жатканын белгилеп, тармакты кризиске алып келип такады, деген президенттин сөзүн мисал келтирди.
ИИМ министрлигине талапкер Улан Исраилов депутат Каныбек Иманалиевдин тармактын реформасы канча убакта ишке ашырылат деген суроосуна да жооп бере алган жок.(ZKo;BkA)