Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Арзан жол долбоорун сунуш кылган министр айыпталууда


Жол курулушу.
Жол курулушу.

Мындай пикирин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламентте Замирбек Айдаровго козголгон кылмыш иши боюнча билдирди:

-Мен өкмөт башчы катары кийлигише албайм, албетте. Бирок, мен инсан катары пикиримди айтып коеюн: Замирбек Айдаров тендерди кымбат сунуштагандарга эмес, арзан, төмөн баада сунуштагандарга бергиле деп койгону үчүн айыпталып жатат. 45 чакырым жолдун курулушу 70 млн долларга бүтөт, анда неге 82 млн доллар берилиши керек? 82 млн доллар бер дегенге козгобой, 70 млн долларлык долбоор утсун деген кишиге кылмыш ишин козгоп жатышат. Мен бул иштин аягына чыгам.

Антикоррупциялык кызмат мурдагы транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаров Бишкек –Кара-Балта жолунун курулушу боюнча тендер жүргүзгөн комиссиянын ишине кийлигишип, China Railway №5 компаниясынын кызыкчылыгын коргогон деп айыптоодо. Аталган кызмат буга байланыштуу чогулган материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүлүп бергени жөнүндө 8-ноябрда парламент комитетинде белгилүү болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG