АКШдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Республикачылар партиясынын талапкери Дональд Трамп “оома штат” деп саналган Пенсильвания да добуштардын көбүн алды.
Буга чейин Трамп Флорида, Огайо жана Түндүк Каролина сыяктуу маанилүү штаттарда алдыга озуп чыккан.
Натыйжада Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 264 добушуна, демократтардын талапкери Хиллари Клинтон 215 добушуна ээ болууда.
Талапкер шайлоодо жеңүүчү атылышы үчүн 270 добушту алышы керек.