Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Подеста: Хиллари бүгүн сүйлөбөйт


Хиллари Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Жон Подеста.
Хиллари Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Жон Подеста.

Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Жон Подеста демократтардын тарапташтарынын алдына чыгып, ыраазычылык билдирди. Ал азырынча үмүт үзүлө электигин айтып, Клинтон өзү бүгүн эл алдына чыкпастыгын кошумчалады.

Хиллари Клинтон шайлоочулар коллегиясынын 218 добушун топтоп артта калды. Анын атаандашы, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп 266 добуш менен алдыга озуп кетти. Жеңиш үчүн 270 добуш талап кылынат.

Ушул тапта дагы беш штатта жыйынтыктар чыга элек.

Америкалыктар 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашты.

XS
SM
MD
LG