Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Кыргызстан АКШ элинин тандоосун сыйлайт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев АКШдагы шайлоодон соң “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, АКШда ким гана президент болбосун, Кыргызстан менен мамиле кескин өзгөрөт деп күтүлбөйт:

-Кайсы гана партия жеңишке жетпесин, биз АКШ элинин тандоосун сыйлайбыз. Кыргызстан менен АКШ байланышы боюнча белгиленген күн тартиби бар, ошонун негизинде иш жүрө берет. Анын ичинде эки тараптуу кызматташууну жандантуу боюнча эки тараптын кол коюлуусу күтүлүп жаткан келишим тууралуу иштер уланат. Негизги биздин артыкчылык – улуттук кызыкчылыкты жогору коюу болуп кала берет.

8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болду. Анда Республикачылардын талапкери Дональд Трамп жеңишке жетти. Ал шайлоочулар коллегиясынын 276 добушун топтоп, АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон 218 добуш менен артта калды.(BkA/ZkO)

XS
SM
MD
LG