Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Жалал-Абадда “жанын кыйган” аялды күйөөсү өлтүргөнү аныкталды


Жалал-Абаддын Ноокен районунда асынып алды делген адам киши колдуу болгону аныкталды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Момбеков айылында 1-ноябрь күнү 51 жаштагы аял өзүн асып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, аялды күйөөсү өлтүргөнү айкынга чыкты.

Кырсык болгон күнү маркумдун жакындары сөөктү экспертизадан өткөрүүгө макул болушкан эмес. Бирок милиционерлер айрым түшүнүксүз жагдайлардан улам териштирүүнү улантып, аял көмүлгөнгө чейин соттук медициналык экспертизадан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында, ал киши колдуу болгону аныкталган.

Ноокен райондук Ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси – “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камады. (SE)

XS
SM
MD
LG