Инвесторлор Трамптын жеңиши глобалдык экономика менен сооданы көп жылдык башаламандыкка алып келет деп чочулоодо. Анын айынан дүйнөлүк фондулук биржа жана доллар курсу ылдыйлады. Европанын фондулук биржалары 9-ноябрда ачылары менен төмөндөдү. Биримдик АКШдагы президенттик шайлоодо Хиллари Клинтонду колдоого басым жасаган.
Кошмо Штаттардын өзүндө да келечек келишимдер көрсөткүчү 5%га чейин төмөндөдү. Доллар евро, иенага карай 2-3% күчүн жоготту. Мунайга баа 4% арзандап, бир барелл 43,17 доллар болуп калды. (AiT)