Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Жогорку Кеңеш өкмөт курамын бекитти


Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште.
Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште.

Парламенттин 9-ноябрдагы жалпы жыйынында өкмөт түзүмү жана программасы көпчүлүк добуш менен бекитилди. Жыйынга кайрадан премьер-министр болуп бекитилген Сооронбай Жээнбеков жана өкмөттүн жаңы курамы толук катышты. Жээнбеков программасы менен тааныштыргандан кийин бир катар депутаттар аны сынга алды. Жыйынтыгында айтылган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынсын деген негизде өкмөт программасы, түзүмү жана курамы көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Өкмөт курамындагы он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашты. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова, ички иштер министри кызматына Улан Исраилов, Айыл, суу чарба министрлигине Нурбек Мурашев, Юстиция министрлигине Уран Ахмедов, Транспорт жана жолдор министрлигине Жамшитбек Калилов, Билим берүү жана илим министрлигине Гүлмира Кудайбердиева, Социалдык өнүктүрүү министрлигине “Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Таалайкүл Исакунова жетекчи болуп дайындалды. Калгандары жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ордунда калды. Коргоо комитетинин башчысы президент тарабынан сунушталат. (NT)

XS
SM
MD
LG