11-ноябрда күндүз Кыргызстанда жаан-чачын болбойт, тоолуу жолдор тоңголок, тайгак, күн жылуу, салкын жел согуп турат.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүзү 10…15 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүзү 10…15 градус жылыйт.
Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүзү 13…18 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүзү 13…18 градус жылуу болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүзү 8…13 градус жылуу, мал киндиктүү Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүзү 8…13 градус жылыйт.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11 градус суук, күндүзү 0…5 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус суук болот.
11-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Аба түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.