Сузакта райондук прокуратура социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жана Кара-Дарыя айыл округунун жооптуу кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кылмыш ишин козгоду.
Бул кызматкерлер бир жыл мурун көз жумган 72 жаштагы 1-топтогу майыптын атына документ даярдап, курортко жолдомо алганы, башка адам Ош шаарындагы курорттук жайлардын биринде эс алып келгени аныкталган. Тергөө уланууда. (RsK)