Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

61-мектептеги окуяга тийиштүү чара көрүлөт


Аталган мектептин окуучусу Ырыскелди Осмоновду класс жетекчиси сабады делген маалыматты текшерүүнү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков колуна алды. Разаков 10-ноябрь күнү “токмок жеген” делген баланын энеси Элмира Исаева менен сүйлөштү. Жолугушууда Эльмира Исаева № 61 мектепте окуган баласына байланыштуу чатак тууралуу маалымат берди.

Жеңиш Разаковдун ырасташынча, бул чатакка байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлдү. Учурда окуя боюнча иликтөө иши жүрүүдө. Вице-премьер-министр № 61 мектепте орун алган чатак мыйзам алкагында каралып, тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

№ 61 мектептин 2-классынын окуучусу Ырыскелди Осмоновдун мугалиминен токмок жеди деген окуяны көзөмөлгө алууну 9-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековго тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG