Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Сарыгулов менен Калматовдун саламаттыгы начарлоодо


Оппозициянын тарапкерлери.
Оппозициянын тарапкерлери.

Дастан Сарыгулов менен Тойгонбек Калматовдун ден соолугу тергөө абагынын шартында начарлап жатканы Жогорку Кеңешке жолдонгон катта айтылат. Кат ээлери жашы улгайып калган Сарыгулов менен Калматовдун эски оорулары козголуп жатканын белгилеп, ЖК төрагасынан жана депутаттардан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап көрүүнү сурашкан.

Катка учурда абакта жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков кол коюшкан. “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин мүчөсү Таалайбек Мадаминовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, абактагылар катты адвокаты аркылуу 10-ноябрдагы сот жараяны учурунда берип ийишкен.

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG