Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Кыргызстанда жаңы оппозициялык күч жаралат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, мурда-кийин оппозицияда жүргөн саясатчы, коомдук ишмерлер, өлкөнүн, элдин бүгүнкүсүнө, келечегине кайдыгер карабаган жаңы адамдар биригүүнү көздөшүүдө, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

-Сүйлөшүүлөрдүн тездешине бүгүнкү бийликтин осол, олдоксон, сабатсыз жасаган ар бир кадамы, кыймыл-аракети түрткү берип жатат. Президенттин сүйлөгөн сөздөрүн бүт бардык эл угуп турат. Башка өлкөлөрдө Кыргызстан тууралуу кандай шылдыңдоолор болуп жатат. Биз мындайдын улана беришин каалабайбыз. Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы элдин өзү бийликке оппозиция.

Оппозициялык маанайдагы саясатчылар буга чейин да бир нече ирет биригүүгө аракет кылган. Ушул тапта “Конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан”, “Бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган” деген айыптоолор менен эки оппозициялык топтун: “Элдик парламенттин” лидерлери жана “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын алдына баш кошкон төрт саясатчы УКМКнын абагында жатат.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG