Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

12-ноябрдын аба ырайы


Кыш илеби.
Кыш илеби.

12-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланат. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүзү 12…17 градус жылыйт.

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүзү 13…18 градус жылуу.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүзү 14…19 градус ысыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүзү 8…13 градус жылуу болот.

Нарында түнкүсүн -7…-12 градус суук, күндүзү 7…12 градуска чейин жылыйт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүзү 0…5 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -3…+2 градус.

12-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2° , күндүзү 14…16° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG