Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Порттлендде Трампка каршы чыккандар полиция менен кагылышты


АКШда Трампка каршы акциялар уланууда.
АКШда Трампка каршы акциялар уланууда.

АКШнын Орегон штатынын Портленд шаарында Дональд Трамптын президент болуп шайланышына каршы акцияга чыкандар полицияны көздөй таш ыргытышты. Коопсуздук кызматтары митингчилерге желим окторду атышып, көздөн жаш чыгарчу газ чачышты. Ага карабай демонстранттар күчөп, дүкөндөрдүн терезелерин сындырышты.

Полициянын ырасташынча, акциянын айрым катышуучулары бейсбол таяктарын көтөрүп жүрүштү.

АКШнын бир катар шаарларында жумага караган түнү да Трамптын шайланышына каршы акциялар уланды. Көчөгө чыккандардын көбү жаштар. Алар мурдагы түнкүдөй эле “Трамп менин президентим эмес”, “Трамп-расист” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп алышкан.

Орегондогу орто мектептин мугалими:

-Көптөр бул шайлоонун жыйынтыгында нес болуп калышты. Мен анын жеңгенин айтканда, окуучуларымдын көбү “эми бизди депортациялайбы, –деп сурап атышат. А биз эми чындыгында эле аларды депортациялайбызбы? Менде жооп жок.

Каршылык акциялары Филадельфияда, Солт-Лейк-Ситиде жана бир катар башка шаарларда уланды.

Мурдагы күнү Трамп жана анын жубайы Мелания Ак үйдө президент Барак Обама жана биринчи айым Мишель Обама менен жолугушту. Трамп үгүт маалында Обаманы сынга алып келгенине карабастан, жолугушуудан соң президентти жакшы адам деп айтты.

XS
SM
MD
LG