Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Трамптын мусулмандарга байланыштуу чакырыгы сайттан алынды


АКШга жаңы президент болуп шайланган Дональд Трамптын мусулмандардын мамлекетке кирүүсүнө тыюу салган чакырыгы анын расмий сайтынан алып салынды. Трамп мусулмандарга каршы пикирин шайлоо өнөктүгү маалында айткан болчу. Шайлоо штабынын өкүлдөрү баяндаманын сайттан алып салынышы боюнча комментарий беришкен жок.

Бейшембиде АКШ Конгрессинин спикери, республикачы Пол Райан менен сүйлөшкөндөн соң Трамп тактыда отурган кезде жасай турган иштерин санады. Негизинен, салыктарды азайтуу, Барак Обаманын саламаттыкты сактоо багытындагы реформаларын токтотуу жана миграция маселесин чечүү жаатында сүйлөдү.

Дональд Трамп расмий түрдө 2017-жылдын 20-январында президенттикке киришет.

XS
SM
MD
LG