Канадалык музыкант жана композитор Леонард Коэнди акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү белгисиз. Бирок коштошуу Лос-Анжелесте болору маалымдалды.
Коэн 82 жашында АКШда көз жумду.
Ал бир катар заманбап классикалык музыкалардын автору. Эл арасында Hallelujah, Suzanne жана In My Secret Life ырлары белгилүү.