Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду


Аскер прокуратурасынын Ош гарнизону Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кампа башчысы жана башка жооптуу кызматкерлер 8 миллион сомдон ашуун техникалык каражаттарды жок кылган деп шектелүүдө. Андан тышкары, иш учурунда кампа башчысы өзүмбилемдик менен кызмат ордун таштап кеткени аныкталган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Шалаакылык” жана башка беренелер менен кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG