14-ноябрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бийик тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +7...+12,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +6...+11,
Нарын облусунда түнкүсун -5...-10, күндуз +4...+9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн +2…+4, күндүз +9…+11 градус жылыйт.