Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

ОшМУда чет элдик студенттер митингге чыгышты


Ош мамлекеттик университетинде бүгүн Индиядан келип окуп жатышкан студенттер митингге чыгышты. Алар Индиянын Кыргызстандагы элчилигине нааразылык билдиришти.

Күч органдары берген маалыматка караганда, 12-ноябрда аталган окуу жайда билим алган индиялык студент инсульттан каза болгон. Достору сөөктү мекенине жеткирүүгө элчиликтен жардам сурап, бирок оң жооп алышкан эмес.

Бул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн студенттер бүгүн университетте митингге чогулушту. Алардын талаптарын ректор Каныбек Исаков угуп, колдон келген жардам берилерин айтты.

Ош мамлекеттик университетинде индиялык студенттер негизинен медицина жаатында билим алышат.

XS
SM
MD
LG