Кыргызстандын Москвадагы элчилиги 11-декабрда Орусиянын беш шаарында добушканалар ачылып, референдум өтөрүн билдирди. Жарандар Москвадагы элчиликте, Екатеринбург, Новосибирск шаарларындагы консулдуктарда жана Санкт-Петербург, Красноярк, Владивостоктогу элчикана кеңселеринде добуш бере алышат.
Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча референдумду 11-декабрда өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. (SE)