Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Орусияда кыргызстандыктар террорчулукка шектелүүдө


Орусияда терроризмге жана экстремизмге шектелип кармалган 10 кишинин арасында кыргызстандыктар да бар. РИА Новости тараткан кабарга ылайык, аларды ФСБ Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жардамы менен колго түшкөн.Бул боюнча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат бере элек.

12-ноябрда кармалгандардын көбү Борбор Азиядан баргандар. Алар “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөлөрү экенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында теракт жасоого камынып жатышканын моюнга алышкан. Күч органдары тараткан тасмада тажикстандык жигит кыргызстандык таанышы менен Москвада жардыруу жасоону пландаганын айтат.

Шектүүлөрдөн колдо жасалган жардыргыч заттар жана куралдар табылган.(SE)

XS
SM
MD
LG