Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

НАТОнун жетекчиси “бириндеп кетпөөнү” эскертти


Grab: Stoltenberg
Grab: Stoltenberg

НАТОнун баш катчысы Йeнс Столтенберг 13-ноябрда Британиянын “Обсервер” гезитине жазган макаласында батыштын бириндеп кетүү ыктымалдыгы анын коопсуздугуна чоң коркунуч жаратууда деп жазды. Бириндөөнүн себеби катары АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын НАТОго көз карашы аталууда. НАТОну биримдикке чакырган Столтенберг “Азыркы кезде Европа менен Кошмо Штаттардын өнөктөштүгүн суроо астында калтыра турган мезгил эмес” деп белгилеген.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп Кошмо Штаттар НАТОдогу союздаштарына бирдиктүү коргонуу системасына кошкон каражатына жараша жардам бериш керек деген. Бул НАТО келишиминин бешинчи беренесине каршы келээрин НАТОнун баш катчысы атап, ал беренеде сырттан кол салуу болсо жалпы коргонуу принциби иштээрин эске салган. Йэнс Столтенберг бешинчи берененин принцибине ылайык, 2001-жылы Кошмо Штаттарга террордук чабуул жасалгандан кийин Европа Биримдиги аскерлерин Ооганстанга жөнөткөн дейт. НАТОнун 70% чыгымын АКШ көтөрөрүн моюнга алган Столтенберг Европа өлкөлөрү финансылык салымын көбөйтүшү керектигин кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG