Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Болгария премьер-министри кызматтан кетерин билдирди


Бойко Борисов.
Бойко Борисов.

Болгария өкмөт башчысы Бойко Борисов кызматтан кетерин билдирди. Буга 13-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Орусиянын саясатын колдогон Румен Радевдин жеңишке жетиши себеп болду. Ал расмий түрдө арызды 14 же 15-ноябрда жазарын журналисттерге айтып,“шайлоо жыйынтыктары парламенттеги башкаруучу коалициянын кыйрашына алып келерин” белгиледи жана өлкөнү жаңы саясий кризис күтүп турганын маалымдады.

Жекшембиде Болгарияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында орусиячыл Румен Радев 60 пайызга жакын добуш алганы кабарланууда. Анын атаандашы, батыш саясатын жактаган Цецка Цачеваны элдин 35 пайызы колдогон.(SE)

XS
SM
MD
LG