Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Бишкекте кытай тилин окуткан жаңы мектеп ачылды


Бишкекте кытай тилин окуткан жаңы мектеп ачылды. Анын ачылыш салтанатына өкмөт, парламент өкүлдөрү катышты.

Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору Жээнбек Кулубаевдин айтымында, Кытай – биздин эң негизги, эң жакын стратегиялык кызматташкан өнөктөштөрүбүздүн бири жана жаш муундун кытай тилин үйрөнүүсү эки элдин маданиятын, байланышын жакындатат.

Ал эми президенттин алдындагы Тил комиссиясынын мүчөсү Аида Ишеналиева мектептин ачылышын “элибиздин дагы да өсүп өнүгүшү үчүн абдан жакшы бир өбөлгө” деп атады.

Жаңы билим мекемесинен кабарлашкандай, аны кыргызстандыктарга чет тилдерин, ал эми чет элдиктерге кыргыз, орус тилдерин окутуу менен алектенген, Кытайдан окуп келген кыргыз жаштары ачты.

Соңку жылдары өлкөдө жаштар арасында чет тилин үйрөнүү аракети күчөп, жеке мектептер көп чылаууда. (RK)

XS
SM
MD
LG