Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Жарандык активист Ак үй алдына пикетке чыкты


Өндүрүш Токтонасыров
Өндүрүш Токтонасыров

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Конституцияга кирип жаткан өзгөрүүлөргө каршы чыгып, Ак үй алдына пикет өткөрдү. Ал ак баракка “Жок, жок жана жок!” деген жазууну жазып жерге отуруп алганын “Азаттыкка” өзү айтып берди.

- Мен мындай акция менен бардык кыргызстандыктарды 11-декабрда боло турган референдумда Конституцияны өзгөртүүгө “жок” деп жооп бергиле деп чакырар элем. 2020-жылга чейин Баш мыйзам өзгөрүүгө жатпайт деген мораторийди жокко чыгарууга эч кимдин акысы жок.

Токтонасыров кошумчалагандай, ал өткөргөн нааразылыкка Ак үй тараптан эч ким чыккан жок.

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдум 11-декабрга белгиленген. (SDz)

XS
SM
MD
LG