Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Назарбаев: АКШдагы шайлоо жакшы натыйжага үмүт берет


Астана клубунун жыйынында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев АКШдагы шайлоо жыйынтыгы боюнча оюн билдирди.

"АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы жакшы натыйжага үмүт берет. Ириде алдыңкы державалар ортосунда диалогду калыбына келтирүү жана негизги карама-каршылыктар боюнча мунасага келүү шансы жогорулайт”, деген Назарбаевдин сөзүн Tenrginews.kz сайты жазды.

Өткөн жумада Нурсултан Назарбаев АКШ президенттигине жаңы шайланган Дональд Трампка куттуктоо телеграммасын жиберип, Казакстанга конокко чакырган.

Орусияда Трамптын шайланышы кубануу менен кабыл алынды. Мамлекеттик Думанын депутаттары шайлоо жыйынтыгын уккандан кийин кыйла убакыт кол чаап турушту. Трамп бийликке келсе Орусия менен мамилени оңдоону убада кылган.

XS
SM
MD
LG