Чүйдүн Ысык-Ата районунун кире беришиндеги дарбазага жазылган Ислам дининдеги “Шахадат” келмесин теологдор изилдеп жатышат. Алардын корутундусу менен жазууну өчүрүү же калтыруу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” район акими Калмырза Кожомкулов билдирди.
Жакында Ысык-Ата жана Токтогул райондорунун дарбазаларына кирил тамгаларында “Лаа илахха иллалоху Мухаммадур Расулуллох” деген келме чоң тамгаларда жазылган. Аны жергиликтүү тургундар жасаганы маалым болгон. Токтогул район акимчилиги жазууну дароо өчүргөн.
Коомчулукта бул талкууга түшүп, диний кырдаал курчуп турган кезде мындай чакырыктарды илбей эле коюу дурус экени, диний ишеним жүрөктө болушу керектиги айтылган.
Күч органдары аны жазгандарга Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын билдирген. Анткени, райондун дарбазасы мамлекеттик мүлк болуп эсептелет. Аны ар ким каалагандай боёп-сырдоого акысы жок. (SE)