Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Жогорку Кеңештин комитет төрагалары ушул аптада шайланат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештеги комитет төрагалары жана орунбасарлары эртең – 16-ноябрда шайланышат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

Дүйшөмбү күнү Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетининин төрагалыгынан депутат Садык Шер кетти. Башка айрым комитет жетекчилери да алмашат.

Бул өткөн айда көпчүлүк коалиция тарап, жаңысы куралгандыгына байланыштуу болууда. Кээ бир фракциялар башкаруучу коалициядан оппозицияга, оппозициядан башкаруучу топко киргендиктен, комитеттерди бөлүштүрүүдө да өзгөрүүлөр жүрөт.

Кыргыз парламентинде тогуз комитет бар. (SE)

XS
SM
MD
LG