Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Ислам банкы жаңы жолго 12 млн. доллар бөлөт


Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн туташтырган жолдун 24 чакырымын салууга 12 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу макулдашууну Жогорку Кеӊештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.

Парламенттин расмий сайты кабарлагандай, алынган насыя жаңы автожолдун 159-183-чакырымын реконструкциялоого жумшалмакчы. Насыянын негизги бөлүгүн төлөө мөөнөтү 25 жыл, анын алгачкы 7 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Насыя 1,5 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG