Миң-Куш – Ыраакы автоунаа жолунда жер көчкү жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жаратылыш кырсык бүгүн таңга жуук Миң-Куш айылына жакын катталды. Жалпысынан жер көчкүнүн көлөмү 80 миң куб метрди түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду тазалоо үчүн атайын техника иштеп жатканын айтып, жабыркагандар жок экенин маалымдады.