Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Мэрия: базарлар авто тыгынды пайда кылууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан соода түйүндөр, базарлар жолдордо автоунаа тыгындарын пайда кылууда. Учурда шаардык бийлик ири базарларды калаанын четине чыгарууну сунуштоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Гуля Алмамбетова маалымдады.

Мэриянын ырасташынча, айрым ири соода түйүндөр жана базарлар талаптагыдай курулган эмес. Ошондой эле шаардагы көпчүлүк базарларда коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбайт. Расмий маалымат боюнча, баш калаада 70тен ашык базар бар. Ал эми супермаркеттердин саны акыркы 6-7 жылдын ичинде 50дөн ашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG