Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Бишкек шаардык сотунда Асел Кодуранова боюнча арыз каралат


Асел Кодуранова
Асел Кодуранова

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрайымы Асел Кодуранованын үстүнөн жазылган арыз бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралат. Жарандык активист Рита Карасартова “Референдумду белгилөө жөнүндөгү” мыйзамды эреже бузуулар менен кабыл алууга жол койгон деп, аны сотко берген.

26-октябрда парламент аталган мыйзамды үчүнчү окууда жактырган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодуранова мыйзам долбоору эрежеге ылайык талдоодон өткөнүн билдирген.

Активист Рита Карасартова комитеттин чечими мыйзамсыз болгон деп, Бишкек шаардык райондор аралык сотко 29-октябрда кайрылган, бирок арыз канааттандырылган эмес. Эми аны шаардык сот карайт.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрга белгиленген. Аны колдобоого чакырган “Референдумга - жок” кыймылы эл арасында үгүт жүргүзүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG